Кирүү
«MegaMusic өзү үчүн» кызматын кошуу
Кызматты кошууда сизге баштапкы абалдагы акысыз обон орнотулат!

«MegaMusic өзү үчүн» кызматы

Эми башка абоненттерге чалуу маалында сиз жөнөкөй чакырыктардын ордуна сүйүктүү обондорду жана шайыр тамашаларды уга аласыз. Бул үчүн болгону «MegaMusic өзү үчүн» кызматын кошуу зарыл.
Биздин каталог дайым жаңыланып турат жана сиз жаңы жана белгилүү обондорду дайым таба аласыз.

Кызматтын сайтынан обондордун жана тамашалардын толук каталогун таба аласыз. Бардык обондор жанры жана популярдуулугу боюнча топтологон. Мындан тышкары, сиз обонго ыкчам жетки алуу үчүн издөө функциясынан пайдалана аласыз.

Сиз дайым 705 номуру аркылуу үн менюсунан пайдаланып, жаңы хиттерди, белгилүү обондорду тандоо жана өз эрежелерди көрсөтүп, башка абоненттерге жума күнү же күн убактысы боюнча көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Кызматты кантип кошууга болот

«MegaMusic өзү үчүн» кызматын кошуу эң оңой! Жаккан обонду 705 номуру боюнча биздин каталогдон же кызматтын сайтынан тандоо жетиштүү. Ошондой эле, өз телефонуңуздан *705*1# буйруусун терүү же "ON" текстин камтыган SMS билдирүүнү 705 кыска номуруна жөнөтүү аркылуу кызматты кошууга болот.

Кызматты кантип өчүрүүгө болот

Кызматты өчүрүү үчүн *705*0# акысыз буйруусун терүү зарыл.

Сизге кызматты кайрадан кошууга шарт түзүү максатында, кызматты өчүргөндөн кийин бардык тескөөлөр 30 күндүн ичинде сакталып турат.

Чектөөлөр

Сиз MegaCom түйүнүнүн каптоо аймагынан чыккан учурда, «MegaMusic өзү үчүн» кызматы айрым роуминг тармактарында жеткиликтүү эмес болушу ыктымал.

Жогору